БОЧКАРЁВ Яков Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЧКАРЁВ Яков Васильевич (1928, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Аламүдүн айылы – 1. 7. 2004, РФ. Рязань ш.) – гидромелиоратор, техника илимд. доктору (1967), проф. (1969), Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1976). Россия а. ч. академиясынын корр. мүчөсү (1991). КРдин эмг. сиӊ. ойлоп табуучусу. 1954-ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүп, ушул эле ин-тта окутуучу, доцент, 1962-жылдан кафедра башчысы, ал эми 1978-жылдан лабор. башчысы, 1966–87-ж. декан, 1987–97-ж. кафедра башчысы, 1997–2004-ж. Рязань а. ч. ин-тунда проф. болуп иштеген. Анын 300дөн ашык ил. эмгектери, а. и. 6 монография, 8 окуу китеп бар. Алар сугат иштерин автоматташтырууга ж. б. арналган.
Эмг.: Гидравлическая автоматизация водораспределения оросительных систем. Ф., 1971; Основы автоматики и автоматизация производственных процессов в гидромелиорации. М., 1981; Эксплуатационная гидрометрия и автоматизация оросительных систем. М., 1987.