БРАДЗОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРА́ДЗОТ , к е ж е ӊ – койдун катуу кармоочу жугуштуу ылаӊы. Мында карындын, жумурдун былжыр чели сезгенип, ички паренхималык органдар (боор, бөйрөк ж. б.) жабыркайт. Козгогучу – Clostridium septicum, Clostridium oedomatiens деп аталуучу споралуу микроорганизмдер. Ылаӊ мал жайытка чыккандан тартып, жылдын бардык мезгилинде (жай, күз, кыш) жолугат, көп учурда өтө тез өтөт. Ылаӊда койдун көзү кызарып, ичи көбөт, тишин кычыратып, денеси калтырайт ж-а кежигесин тартат, 20–30 минда өлөт. Ылаӊ создугуп өтсө, койдун дене темп-расы көтөрүлөт, оозунан кан аралашкан көбүк куюлат, жүрөктүн согушу ылдамдап, дем алуусу кыйындайт ж-а ичи көөп, тынчы кетип 12–14 саатта жыгылып, өлөт. Ылаӊдын өтө тез өткөн түрүн дарылоо натыйжа бербейт. Өнөкөткө өткөн кезде антибиотиктер, витаминдер ж-а атайын даярдалган кан сары суусу колдонулат. Б-ту алдын алууда койду жайытка чыгардан 30–45 күн мурда эмдөө жүргүзүлүп, короо-сарай дезинфекцияланат.