БРАЗИЛИА
БРАЗИ́ЛИА – Бразилия Федерация Респ-нын борбор шаары. Калкы 2,0 млндон ашык (2020), 1960-ж. 21-апрелге чейин Рио-де-Жанейро Бразилия бөксө тоосунун борб. бөлүгүндө, деӊиз деӊг. 1000 м бийиктикте жайгашкан, чет жакасы м-н Федерация борб. округун түзөт.

Эл аралык аэропорту, метрополитен (2001), тамак-аш, жеӊил өнөр жайы, ун-т бар. Шаар борбордун функциясын аткаруу үчүн атайын курулган; планда (1957-ж. арх. Л. Коста иштеп чыккан) самолёттун сөлөкөтүн элестетет. «фюзеляжында» – адм. ж-а коомдук имараттар, «канаттарында» – турак жай кварталдары, «тумшугунда» – үч бурчтуу аянтында улуттук конгресс сарайы, асман мелжиген секретариат, өкмөт ж-а юстиция сарайлары (арх. О. Нимейер) жайгашкан. Аянттын тегерегине министрликтин 20 кабаттуу имараты курулган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.