БРАЗИЛИЯ
БРАЗИ́ЛИЯ , Б р а з и л и я Ф е д е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түш. Америкадагы эӊ ири мамлекет. Материктин чыгыш ж-а борб. бөлүгүн ээлейт. Аянты 8,5 млн км2. Калкы

212,6 млн (2020). Түндүгүнөн Венесуэла, Гайана, Суринам, Француз Гвианасы, түн.-батышынан Колумбия, батыштан Перу, Боливия, Парагвай, Аргентина, түштүгүнөн Уругвай м-н чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Борбору – Бразилиа ш. Расмий тили – португал тили. Акча бирдиги – реал. Адм.-аймактык жактан 26 штатка ж-а 1 Федерациялык округка бөлүнөт.
Таблица бар
Мамлекеттик түзүлүшү.
Б. – федерациялык мамлекет. Конституциясы 5-октябрда 1988-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (Депутаттар палатасы ж-а Федерация сенаты). Саясий партиялары: Бразилия Социал-демокр. партиясы, Бразилия Демокр. кыймыл партиясы, Эмгекчилер партиясы, Либералдык фронт партиясы.
Табияты.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн Бразилия бөксө тоолору (Бандейра чокусу, 2890 м) ээлейт, анын чыгыш четинде кууш тилке түрүндө Атлантика бою ойдуӊу, батышында Пантанал саздуу ойдуӊу жатат. Түндүгүндө Амазонка ойдуӊу ж-а Гвиана бөксө тоосунун тармактары (Неблина чокусу, 3014 м) жайгашкан. Эӊ түштүгүн ж-а түш.-батышын Ла-Плата ойдуӊунун бир бөлүгү ээлейт. Климаты түн.-батыштан түш.-чыгышка карай нымдуу экватордук климаттан мезгилдүү нымдуу субтропикке чейин өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы 23–29°С, июлдуку 16–24°С. Аймагынын басымдуу бөлүгүнө ысык климат мүнөздүү. Амазонка ойдуӊунун батыш бөлүгү

ж-а Гвиана бөксө тоосунун түш. Капталы экватордук нымдуу климат. Жылына 2400–3300 мм жаан жаайт. Амазонка ойдуӊунун чыгыш бөлүгү ж-а Бразилия тоосу м-н Гвиана бөксө тоосунун капталдары субэкватордук, жылына жаан 1200–2400 мм, жээктерде 3000 ммге чейин. Түн.-чыгыш Б-да жаан 1100–400 ммге чейин азаят. Б-нын дарыялары көп. Аймагынын 56% Амазонка д-нын алабына кирет. Бразилия бөксө тоосунун чыгыш бөлүгү Сан-Франсиску д-нын алабына, түн.-чыгыш бөлүгү Атлантика океанына куючу кыска дарыялардын алабына кирет, а. и. Парнаиба д. да бар. Парана, Уругвай, Парагвай, Амазонканын көптөгөн куймалары ж. б. дарыялар бар. Суу ресурстары б-ча Б. дүйнөдө биринчи орунда турат. Амазонка ойдуӊун ж-а ага жакын жайгашкан бөксө тоонун капталдарын нымдуу экватор токою, саванналуу сейрек токой ж-а кургакчыл бадалдар ээлейт. Кургакчыл түн.-чыгышына жарым чөл сейрек токою (каатинга), Бразилия бөксө тоосунун түш.-чыгышына ж-а Атлантика бою ойдуӊуна тропиктик нымдуу токой, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүнө дайыма жашыл кызыл карагайлуу ж-а аралаш токой мүнөздүү. Темир, калай, алюминий, уран, нефть, марганец, таш көмүр, жаратылыш газы ж. б. кен байлыктар казылып алынат. Жеринин кыртышы көбүнчө кызыл түстүү латерит топурагы. Өсүмдүктөрдүн 4000ден ашык түрү кездешет. Жалпы аянты 52,6 млн га болгон 363 коргоого алынган табигый аймагы бар, а. и. 105 улуттук парк, аянты 14,2 млн га, ирилери – Жау, Пику-да-Неблина. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Борб. Амазонка резерват комплекси, Пантанал коргоого алынган аймагы, Игуасу Шапада-дус-Веадейрус ж-а Эмас, Серрада-Капивара улуттук парктары бар.
Калкы
. Калкынын 97%тен көбү бразилиялыктар; орт. жыштыгы 1 км2 21,4 адам (2005). Алар Европадан ж-а Азиядан келген калктардын абориген-индейлер (тупигуарани же ж. б.) ж-а 16–19-к-да Африкадан алынып келинген негрлер (йоруба, банту, эве ж. б.) м-н аралашуусунан келип чыккан. О. эле португалдар, италяндар, испандар, немис, украиндер, япондор да бар. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 67,3, аялдарыныкы – 74,9 жаш. Католик динин тутат. Калкынын 95%и деӊиз жээгиндеги штаттарда жашайт. Шаар калкы 81,7% (2005). Ири шаарлары: Порту-Алегри, Белен, Манаус, Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро, Сальвадор, Белу-Оризонти, Ресифи, Куритиба.
Тарыхы.
Б. жергесин адамдар неолит доорунан эле жердегендиги белгилүү. 16-к-га чейин Б. аймагын индей уруулары (тупигуарани, тупинамбас, ботокуд, тамойос ж. б.) мекендеп келишкен. 1500-ж. Б-нын жээгине португал деӊиз саякатчысы Педру Кабралдын кемеси келип түшүп, жаӊы ачылган жер Португалиянын ээлиги деп жарыяланган. Португалдыктар Б-дан баалуу кызыл жыгач – «пау-бразил» (рауbrasil, өлкөнүн аталышы ушундан улам жаралган) ташышкан. 1549-ж. Б-да борбору Сальвадор ш. болгон генерал-губернаторлук негизделген. Б. үчүн Португалия Франция ж-а Голландия м-н көп жылдар бою күрөш жүргүзүп келген. Колонияларда индейлердин ж-а негрлердин эмгеги пайдаланылып, негрлерди Африкадан алып келип турушкан. Б-да алтын, алмаз өндүрүү күч алып, Португалиянын эӊ бай колониясына айланат. Жолдор салынып, жаӊы шаарлар курулган, өлкөнүн борбору Рио-де-Жанейрого көчүрүлгөн. 1807-ж. Португалияны Наполеондун аскерлери басып алганда, Португалиянын королу Жуан IV качып, Рио-де-Жанейрого барып орун алган соӊ, аймакта бир кыйла өзгөрүүлөр боло баштаган. Гезит-журналдар чыгарылып, Б. банкы, улуттук китепкана, музей ж. б. негизделген. 1815-ж. Б. Португалия, Бразилия ж-а Алгарви бириккен королдугунун негизги бөлүгү катары эсептелип, королдук статусуна ээ болот. 1821-ж. Португалиядагы бурж. рев-ядан кийин Б-да да көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алып, король Жуан IV мекенине кайтууга аргасыз болуп, уулу Педро Iни регент катары калтырган. 1822-ж. 7-сентябрда Педро I Б-нын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул күн улуттук майрам катары бүгүнкү күндө да майрамдалат. Португалия Б-нын көз каранды эместигин 1825-ж. таанууга аргасыз болот. Бирок өлкөдөгү кулчулук 1888-ж. гана жоюлуп, монархия 1889-ж. ноябрда кулатылат. 1891-ж. февралда Б. федеративдүү республика – Бразилия Кошмо Штаттары деп жарыяланып, конституция кабыл алынган. Биринчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия ж-а АКШнын кысымы астында Антанта тарапта Германияга каршы согуш жарыялап, 1918-ж. Европага бир нече аскер бригадаларын жөнөткөн. 1930-ж. Аскердик хунта бийликке келип, 1945-ж. чейин бийлик жүргүзүшкөн. 1945–64-ж. өлкөдө демокр. кыймыл күч алып, саясий партиялар түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын таасири күчөп, 1942-ж. Германия м-н Италияга, 1945-ж. Японияга каршы согуш жарыялаган. 1944-ж. аскер корпусун (50 миӊ) Италияга жиберген. 1950–60-ж. Б. агрардык өлкөдөн агрардык-индустриялык мамлекетке

айланган. Өлкөдө агрардык, финансы ж-а билим берүү реформалары жүргүзүлгөн. 1960-ж. өлкөнүн борбору Бразилиа ш-на көчүрүлдү. 1964-ж. Маршал У. Кастелу Бранку башында турган аскердик-саясий топ бийликти өз колдоруна алган. Жаӊы өкмөт кабыл алынган декреттерди жокко чыгарып, саясий партиялардын иш-аракеттерине тыюу салган. Кийинки жылдары абал бир кыйла турукташып, инфляция төмөндөгөн. 1985-ж. 15-мартта 20 жылга созулган согуштук диктатуранын ордуна гражд. өкмөт бийликке келип, алгач Танкредо де Алмейда Невес президент болуп шайланган, бирок оорунун айынан ал кызматка киришпестен, анын ордуна көп узабай эле Жозе Сарней Коста келген. Өлкө демокр. өнүгүү жолуна түшкөн ж-а демокр. башкарууну бекемдеген жаӊы конституция кабыл алынган. 1994-, 1998-ж. өткөрүлгөн шайлоодо президент болуп Ф. Э. Кардозу шайланган. Кардозунун тушунда алгач экономикада абал бир топ жакшырып (1997-ж. Б. ИДПнин өндүрүлгөн көлөмү б-ча өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кирген), бирок 1998-ж. кайрадан экон. кризис башталган. 2002-ж. шайлоодо бразилиялыктар өз добуштарын эмгекчилер партиясынын өкүлү Л. И. Лула да Силвага беришкен. Азыркы учурда тышкы карызы өтө көп (120 млрд доллар) болгондугу, калк турмушунун начардыгына карабастан, Б. бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Б. Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында чечүүчү ролду ойноп келет.
Экономикасы
. Түш. Америкадагы экон. потенциалы күчтүү индустриялык-агр. өлкө. ИДПде өнөр жайдын үлүшү 28,2%, а. ч-кы –10%, курулуш –7,3%, электр, газ ж-а суу –3,4% (2004). Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 3640 доллардан (АКШ) туура келет. Б. өнүккөн он өлкөнүн катарына кирет. Автомобиль, трактор, станок, о. эле компьютер, авиатехника ж. б. жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу б-ча 1-орунда. Б-нын аймагы 5 экономикалык районго бөлүнөт: Түш.-Чыгыш (Минас-Жерайс, Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Эспириту-Санту штаттары), Түштүк (Парана, Риу-Грандиду-Сул, Санта-Катарина), Түн.-Чыгыш (Алагоас, Баия, Мараньян, Параиба, Пернамбуку, Пиауи, Риу-Грандиду-Норти, Сеара, Сержипи), Борб.-Батыш (Гояс, Мату-Гросу, Мату-Гросу-ду-Сул, Федерация округу) ж-а Түндүк (Акри, Амазонас, Амапа, Пара, Рондония, Рорайма, Токантинс). Өнөр жайы – экономикасындагы башкы тармак. Өнөр жайынын 65% жакыны Сан-Паулу штатында жайгашкан. Нефть өндүрүү б-ча Латын Америкасында 3-орунда

турат. Нефтинин 80% Атлантика океанынын шельфинен казылып алынат. Негизги нефть иштетүүчү ж-а нефть-химия өнөр жайынын борборлору – Дукиди-Кашиас, Сан-Жозе-дус-Кампус, Бетим, Паулиния, Матарипи ж. б. Газ өндүрүү б-ча 5-орунда (Латын Америкасында). Негизинен Кампус ж-а Сантус бассейндеринен өндүрүлөт. 2003-ж. 305,9 млрд кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80%и ГЭСтен алынат. Темир, марганец, түстүү металл (ниобий, бериллий, тантал), боксит, нефть, таш көмүр казылып алынат. Кара металлургия өнөр жайы толугу м-н өзүнүн жогорку сапаттагы темирдин негизинде иштейт. Чоюн ж-а болот эритүү б-ча дүйнөдөгү алдыӊкы он өлкөнүн ичине кирет. Машина куруу (а. и. автомобиль, авиация, кеме, а. ч. машиналары) радиоэлектроника, нефть, хим., нефть-хим., цемент, целлюлоза-кагаз, текстиль (негизинен кебез кездеме), тамак-аш-татымал (кант, май, эт, тамеки) өнөр жайлары ж-а негизги товардык а. ч. өсүмдүктөрү өнүккөн. Аймагынын 32% (2,8 млн км2) иштетилет. Кофе (дүйнөдө алдыӊкы орунда, жылына 0,9 млн т өндүрөт), бал камыш (302 млн т), какао, банан, соя ж. б. өстүрүлөт. Малы жайытта багылат. Бодо мал (152 млн), чочко, кой (эт, жүн багытында), жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Деӊизден ж-а дарыядан балык кармалат. Гевея ширеси, карнауб мому, бразилия жаӊгагы чогултулат. Темир жолунун уз. 29,4 миӊ км, автомобиль жолунуку 1,9 млн км, ички суу жолунун уз. 31 миӊ км (1994). Деӊиз соода флотунун тоннажы 9,3 млн т дедвейт (1994). Нефть куруунун уз. 5,2 миӊ км. Сыртка транспорт жабдууларын, темир кенин ж-а концентраттарды, алюминий, темир, кофе, апельсин ширесин, эт (уй), кант, тамеки, текстиль буюмдарын, булгаары бут кийим чыгарат. Сырттан машина ж-а мех. приборлорду, минерал, отун, хим. өнөр жай продукцияларын, көмүр, жер семирткич, буудай, азык-түлүк алат. А. ч. продуктуларын экспорттоо б-ча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Ири деӊиз порттору: Форталеза, Сальвадор, Рио-де-Жанейро, Порту-Алегри, Парамарибо, Сантус, Риу-Гранди, Паранагуа, Турбаран, Сан-Себастьян. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Европа шериктештигиндеги өлкөлөр, Аргентина, Канада.
Маданияты
. Алгачкы мектептерди 16-к-дын ортосунда иезуиттер ачкан. Алар Б-дан куулгандан кийин бул мектептер жабылып, гражд. мектептер ачылган. ЖОЖдордун саны өскөн. Бардык ири шаарларында улуттук китепканалары, тарыхый-этногр. музейлери, ботан. бак, зоопарк, собор бар. Конакабана, Ипанема ж-а Лебнон океан пляждары м-н даӊазаланат. Алгачкы адабий жазуулары 16–17-к-га таандык. Фольклору үч поэтикалык салттын биримдигинен турат. 17–18-к-да улуттук ад-т пайда болгон. 18-к-дын 2-жарымынан ад-тында романтизм үстөмдүк кылган, бир нече ил. эмгек жарыкка чыгып, көптөгөн драмалар жазылган. Улуу Окт. рев-ясынын жеӊиши ж-а Б. компартиясынын түзүлүшү прогрессчил ад-ттын өсүшүнө чоӊ


таасир тийгизген. Б. элинин музыкасы португал, негр, индейлердин музыкасынын негизинде пайда болгон. Элдик ыр-бийлер кеӊири өнүккөн. Муз. академия, улуттук опера балет театры, консерватория, улуттук муз. ин-ту, симф. оркестри бар. Б-да таш скульптуралар, геом. оймо-чиймелери бар карапа буюмдар ж-а таш бетине тартылган сүрөттөр сакталып калган. 16-к-дын башында португалдар тарабынан Б-нын чет жакаларына Сальвадор, Ресифи, Рио-де-Жанейро сыяктуу шаарлар курулган. Б-нын арх-расы 1920-жылдан баштап тез өскөн. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы чыгармалары 16–17-к-да пайда болгон, улуттук реалисттик сүрөт өнөрү м-н графика өнүгө баштаган. Театры 16-к-да эле пайда болгон. Анда бразилиялык классицизмдин өкүлдөрүнүн пьесалары коюлган. 20-к-дан баштап туруктуу драма труппалары уюштурула баштаган. 1950-жылдары Дулсиндер-Одилон, А. Гарриду, Ж. Коста ж. б. көрүнүктүү актёрлордун жетекчилиги м-н комедия театрынын труппасы түзүлгөн. 1960-жылдары «Театру диарена», «Офисина», «Опиниан» театр труппалары иштеп, А. Саусун, Ж. Андради, А. Боаланын пьесалары м-н бирге Шекспир, Мольер, Чехов, М. Горький ж. б. авторлордун драмалык чыгармалары коюлган. Ал эми кино иск-восу

1903-ж. пайда болгон. 20-жылдары Кампинас ж-а Ресифиде кино өндүрүшү түзүлүп, негизинен чет өлкөлүк фильмдердин бразилиялык варианты чыгарылган. Биринчи тартылган фильмдерге көбүнчө атактуу ырчылар катышып, анда улуттук ыр, обондор пайдаланылган. Б-да алгачкы гезит 1809-ж. чыккан. Ал эми атайын информ. «Аженсия Насионал» агентчилиги 1934-ж. негизделген. 1921-жылдан радиоуктуруусу, 1952-жылдан телекөрсөтүүсү башталган. Бир нече радио ж-а телестанциялары иштейт.
Ад.: Очерки истории Бразилии. М., 1962; Помбу Р. Истории Бразилии. М., 1962; Лукашова Е. Н. Южная Америка. Физическая география. М., 1958; Люди и ландшафты Бразилии. М., 1958.