БРАТИСЛАВА
БРАТИСЛА́ВА – Cловакиянын борбор шаары. Дунай д-ндагы порт. Калкы 424,4 миӊ (2016). Өлкөнүн ири экон. борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Хим. ж-а нефть-хим. өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш–татымал, текстиль, тигүү, полигр. өнөр жайы, ун-т, Словакия ИА, Словак улуттук гал. иштейт. Азыркы Б-нын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археол. казуулардан белгилүү. Б. з. ч. 5-к-да Б-га славян уруулары отурукташа баштайт. 10-к-да Б. Пожонь деген ат м-н Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-к-да Б-ны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Б. Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору м-н архиепископторунун резиденциясы (1784-ж. чейин). 1919-ж. 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-ж. Словакия Социалисттик Респ-нын, 1990–92-жылдан Словакия Респ-нын борбору. Град сепили (9–18-к.), шаар чептеринин калдыктары (13–18-к.), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-к.), барокко ж-а классицизм стилиндеги сарайлар

сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат.