БРЕСТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕСТ (1921-ж. чейин Брест-Литовск, 1939-ж. чейин Брест-над-Бугом) – Беларуссиядагы шаар. Брест обл-нун адм. борбору. Мухавец д. Батыш Буг д-на куйган жеринде, Беларуссия м-н Польшанын чек арасында жайгашкан. Калкы 344,0 миӊ (2018). Дарыя порту (Днепр–Буг жолунун башталышы) ж-а темир жол тоому. Б., аркылуу Берлин – Варшава – Москва автомагистралы өтөт. Электр-тех., машина куруу (газ аппаратура), жеӊил (байпак комбинаты, килем нооту бирикмелери, тор, кийим тигүү ф-калары), тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Эмерек, сувенир, тиричиликке керектүү хим. буюмдарын, курулуш материалын чыгарат. Үч ЖОЖ, 2 театр, Брест чебин коргоо, край таануу ж. б. музейлери бар. Эл аралык фестивалдар (театр, кино) өткөрүлүп турат. 1017-жылдан (Берестье) белгилүү. 14-к-дан Литва м-н Польшанын, 1795-жылдан Россиянын, 1919–39-ж. Польшанын курамында болгон. Арх-ра эстеликтеринен – сепил, собор, кафедралуу собор, чиркөөлөр, темир жол вокзалы ж. б. сакталган.