БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918) – Брест-Литовскиде (азыркы Брест) Сов. Россия м-н Германия, Австрия-Венгрия, Болгария ж-а Түркиянын ортосунда 1918-ж. 3-мартта түзүлгөн тынчтык келишими. Келишимдин шарты б-ча Россия Европадагы аймактарынын жарымына жакынынан ажырап, Германияга Польша, Прибалтика, Белоруссия м-н Закавказьенин бир бөлүгү кеткен ж-а 6 млрд марка контрибуция төлөнгөн. Сов. Россия бийликти сактап калуу максатында Б. т-н түзүүгө барган. Ал эми башында Л. Д. Троцкий ж-а Н. И. Бухарин турган «солчул коммунисттер» бул келишимдин шарттарына каршы чыгышкан. О. эле позицияда турган солчул эсерлер да Москвада (1918, июль) Б. т-на карата нааразылык билдирип, куралдуу каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 1918-ж. 13-ноябрда Германия м-н жарашууга кол коюлуп, Совет өкмөтү Б. т. келишиминин чечимдерин жойгон.