БРИАН-КЕЛЛОГ ПАКТЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИА́Н-КЕ́ЛЛОГ ПАКТЫСЫ , П а р и ж п а к т ы с ы 1928-ж. 27-августта Парижде 15 мамлекет (Франция, АКШ, Германия, Улуу Британия, Япония ж. б.) тарабынан кол коюлган ж-а 1929-ж-дын 24-июлунда күчүнө кирген. Сунуштун демилгечилери – Франциянын тышкы иштер министри А. Бриан ж-а АКШнын мамл. катчысы Ф. Келлогдун ысымдарынан аталган. Анда улуттук саясатты жүргүзүүнүн куралы катары согушту пайдалануудан баш тартуу макулдашылган. Кийинчерээк пактыга дагы 48 мамлекет кол койгон. Б.–К. п. эл аралык укуктун өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон.