БРИДЖТАУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИ́ДЖТАУН – Барбадос мамлекетинин борбор шаары. Атлантика океанынын жээгинде, Барбадос а-нын түш-батышында жайгашкан. Өлкөнүн башкы порту. Калкы 110,0 миӊ (2014). Эл аралык аэропорту, тамак-аш, жеӊил өнөр жайы бар. 17-к-да негизделген. Ил. ж-а иск-во коллежи (ун-ттин астында), калк китепканасы, галерея, музей иштейт. Өкмөт (18-к-дын аягы) ж-а парламент жайгашкан имарат, Ж. Вашингтондун үйү (1751), Ыйык Михаил собору, театры м-н Король паркы бар. Трафальгар гүлбак аянтында адмирал Г. Нельсонго эстелик тургузулган. Сыртка кант, патока, ром чыгарылат. Курорт.