БРИФИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИ́ФИНГ (англ. briefing) – 1) көрсөтмө берүү; 2) басма сөз өкүлдөрүнүн кыскача билдирүүсү. Анда өкмөттүн, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын тиешелүү маселелер б-ча позициялары же эл аралык сүйлөшүү, конф-я, жыйналыштарда ич ара макулдашуулар, алардын жүрүшү, катышуучуларынын көзкараштары, пикирлери, сунуштары ж. б. ж-дө маалымат берилет. Пресс-конф-ядан айырмаланып, Б-де чакырылган журналисттердин суроолоруна, эреже катары, жооп берилбейт.