БРНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРНО – Чехиядагы шаар, өлкөнүн маанилүү экономикалык жа маданий борбору. Түш. Морава облнун адм. борбору. Свитава ж-а Свратка д-нын кошулган жеринде жайгашкан. Калкы 380,0 миӊ (2019), калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар (Прагадан кийин). Европадагы үч транспорт коридорунун кесилишкен жериндеги жолдор тоому. Б-го жакын «Достук» нефть куурунун бир тармагы өтөт. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Машина куруу (түтүк, трактор ж-а станок куруу, хим. өнөр жайына жабдуу ж. б.), жүн, тамак-аш, эмерек, полигр. өнөр жайы бар. Жыл сайын эл аралык өнөр жай (негизинен машина) ярмаркасы өткөрүлөт. Чех ИАнын филиалы, муз. иск-во академиясы, Морава музейи, ун-т бар. Сепил катары 11-к-да пайда болгон. 11-к-дын аягынан Пржемыслович уделдүү княздыгынын адм. борбору; 12-к-дын аягынан Морава маркграфынын резиденциясы; 1243-жылдан королдук эркин шаар. 1526–1918-ж. Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 13–18-кдагы арх-ра эстеликтери (13-к. Шпильберк дөӊсөөсүндөгү сепил), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Пётр, Ыйык Якуб), Эски (14–16-к.) ж-а Жаӊы (16–18-к.) ратуша сакталган. Эл аралык өнөр жай ярмакалары өткөрүлүүчү павильон комплекстери (1927–28), М. Махованын үйү (1930), Морава банкы (1930–31), почтамп (1038), Тугендхайт вилласы (1930–31; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) бар.