БРОМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОМ (лат. Bromum), Br – элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган элемент. Ат. н. 35, ат. м. 79,904, галогендерге кирет. 1826-ж. фр. химик А. Ж. Балар ачкан. Жаратылышта 2 туруктуу изотоптон 79Br, 81Br турат. Жер кыртышында 1,6 ·10–4%ти түзөт. Ал кызыл-күрөӊ түстөгү, жагымсыз жыты бар, оор суюктук. Кайноо t 58,78°C, балкып эрүү t – 7°С. Б-дуу туздар (KBr, NaBr, MgBr2) түрүндө көл, деӊиз, нефть сууларында ж-а суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы, сууда аз эрийт. Б-дун 3%түү эритмеси бромдуу суу деп аталат. Хим. активдүүлүгү б-ча хлор м-н иоддун ортосунда турат. Иодду бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Ал эми Б-ду анын бирикмелеринен хлор сүрүп чыгат. Бирикмелеринде валенттүүлүгү –1ден +7ге чейин. Көпчүлүк элементтер м-н реакцияга активдүү кирет. Көмүртек, азот, кычкылтек м-н түздөн-түз кошулбайт, ошондуктан алардын бирикмелери кыйыр жолдор м-н алынат. Суутек м-н ысытканда гана реакцияга кирип, бромдуу суутекти пайда кылат. Анын суудагы эритмеси – бромдуу суутек к-тасы. Бул к-танын туздары бромиддер деп аталат. Б. к-тасынын туздары – броматтар, түссүз кристаллдар, жогорку темп-рада кычкылтекти бөлүп чыгаруу м-н ажырайт. Б. к-тасы ж-а анын туздары күчтүү окистендиргич касиетке ээ болуп, эркин Б-го чейин калыбына келет. Деӊиз сууларынан, суу өсүмдүктөрүнөн, о. эле калийдин бромдуу бирикмелеринен хим. жол м-н алынат. Б. орг. синтезде, анализдик химияда ж-а окистендиргич катары колдонулат.