БРОНХОАДЕНИТ
БРОНХОАДЕНИ́Т (бронх ж-а гр. aden – без) – бронх бездеринин сезгениши. Аны көп учурда туберкулёз микробдору, өпкө м-н бронхтун сезгениши ж-а кээ бир жугуштуу оорулар пайда кылат. Туберкулёздон болгон Б-тин өтүшү оорулуунун жашына, сезгенген бездерге ж-а организмдин сезгичтигине байланыштуу. Без азыраак сезгенсе оору байкалбай өтүшү мүмкүн, ал эми күчөгөндө оорулуунун эти ысып, алы кетип, кургак жөтөл пайда болот. Өзгөчө балдар катуу жөтөлөт, кээде көк жөтөлгө окшошот. Айрым учурда негизги оору м-н катар моюн, колтук бездери чоӊоюшу мүмкүн. Б. рентген ж. б. анализдер м-н аныкталат. Дарылоо антибиотик ж-а химиотерапия, кээде операция жолу м-н жүргүзүлөт. Ооруну алдын алуу үчүн туура тамактануу, таза абада болуу, жугуштуу оорулардан сактануу керек.