БРЮГГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЮ́ГГЕ (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын түн.-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын адм. борбору. Калкы 117,2 миӊ (2011). Деӊиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-ж. 32 млн т жүк ташылган) Түн. деӊизи м-н канал аркылуу байланышат. Б. – Остенде, Б. – Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-к-дан эскерилет. 10-к-дан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-к-да европ. кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору ж-а 1200-жылдан эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-к-да Европадагы эӊ ири деӊиз портуна айланган. Шаарда о. кылымдын арх-ралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар ж-а кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү м-н сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, Синт-Якобскерк (1180–15-к.), Кудай Эне (1210–1549, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская м-н Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-к.), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү ж. б. бар. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу ж-а ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, хим., текстиль, тигүү, тамак-аш (а. и. балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазды кырдоонун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.