БРЯНСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЯНСК – Россия Федерациясындагы шаар. Брянск обл-нун адм. борбору. Десна д-нын боюнда жайгашкан. 1956-ж. Бежица ш. м-н кошулган. Калкы 412,0 миӊ (2013). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү («Брянск автомобиль заводу», «Брянск машина куруу заводу», «Брянсксельмаш», «Арсенал» болот куюу з-ддору), хим., жеӊил (а. и. камвол өндүрүш бирикмеси), тамак-аш ж. б. өнөр жайлары өнүккөн. Төрт ЖОЖ, 2 музейи, 3 театры бар. Археол. маалымат б-ча 10-к-дын аягында пайда болгон; 1146-жылдан эскерилет. 1246-жылдан княздыктын борбору. 1356–1500-ж. Литванын ээлиги. 19-к-дан Б. өнөр жайлуу аймактын борбору.