БУЙЛАШЕВ
БУЙЛАШЕВ Таалайбек Сабралиевич (1957-ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – медицина илимд. доктору (2001), проф. (2001). КММИни (1981), СССР МИАнын Педиатрия ИИИнун аспирантурасын (1987, Москва) бүтүргөн. Кырг-н курортология ж-а физиотерапия ИИИде, РКОдо, КММИде иштеген. 1993-жылдан Кырг-н акушерлик ж-а педиатрия ИИИнин директорунун орун басары. Педиатрия, социалдык гигиена ж-а саламаттык сактоону уюштуруу б-ча адис.