БУКТУРМА (дарыя)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКТУРМА – Чыгыш Казакстандагы дарыя; Иртыштын оӊ куймасы. Уз. 336 км. Алабынын аянты 12660 км2. Түш. Алтай кырка тоосунун чыгыш жагындагы мөӊгүлөрдөн башталып, Б. суу сактагычына куят. Негизинен мөӊгү, кар сууларынан ж-а булактардан куралат. Жылдык орт. чыгымы 214 м3/сек. Кеме жүрөт. Жээгинде Зыряновск ш. жайгашкан.