БУРАНА ЧОПО КЕНИ
БУРАНА ЧОПО КЕНИ Чүй р-нунда, Кегети кыш-нан 8,5 км түш.-чыгыш тарапта, Бурана суусунун сол өйүзүндө, Ивановка кыш з-дунан 35 км аралыкта, деӊиз деӊг. 1200–1530 м бийиктикте. Кен 1960-ж. ачылып, 1972–73-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен антропоген мезгилинин аяк ченинде пайда болгон боз ж-а күрөӊ боз түстөгү лёсс сымал кумайлуу чопо катмарынан турат. Катмарлардын төмөнкү бөлүгүндө бирин-серин галькалар м-н шагылдар, үстүнкү бөлүгүндө үлүл кабыкчалары кезигет. Пайдалуу катмардын калыӊдыгы 4,3–20 м. Ийилгичтиги 6,28–7,11. Чоподон «400–500» маркасындагы аглопиритти, «150», «125» маркасындагы кыш алууга болот. Запасы А категориясы б-ча 1845 миӊ м3, В–2714 миӊ м3, С1–9761 миӊ м3.