БУРБОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРБОНДОР – европ. бир нече өлкөдөгү королдор династиясы, Капетингдердин бир бутагы. Б. Франциянын королу Людовик IXнун (1226–70) уулу Роберт Клермон-Бурбондон таралат. 1555–89-ж. Б. Наварра королдугун башкарышкан. Католиктер м-н гугеноттордун ортосундагы гражд. согуштун жыйынтыгында Наварра королу Генрих Бурбон 1589-ж. француз тактысына отурат (1610-ж. чейин Генрих IV деген ат м-н башкарган). Б-дун туӊгуч өкүлү Генрих IVнүн бийлигинин тушунда Францияда абсолютизм күч алып, Людовик XIVнүн убагында өзүнүн гүлдөгөн чегине жеткен. Француз рев-ясынын жүрүшүндө 1792-ж. Б. бийлиги кулатылып, король Людовик XVI өлтүрүлгөн. Б. Францияны (1589–1792, 1814–15, 1815–30), Испанияны (1700–1808, 1814–68, 1874–1931, Б-дун испаниялык бутагы Людовик XIVнүн небереси Филипп Vден таралат), Сицилиянын эки королдугун (Неополитанда, 1735–1805, 1814–60, Б-дун бул бутагы Филипп Vнин уулу Карл IVдөн таралат), Парма ж-а Пьяченца герцогдуктарын (1748–1802, 1847–59) бийлешкен. 1931-ж. испан королу Альфонс XIII тактыдан баш тартып, Испания республика деп жарыяланган.