БУРГУЛООЧУ БАЛКА
БУРГУЛООЧУ БАЛКА , п е р ф о р а т о р – тоокен иштеринде, геол. чалгындоодо, ар кандай курулуштарды курууда, жарылгыч дүрмөттөрүн жайгаштыруу үчүн көзөнөктөрдү (шпурларды) оюуда же тоотектерди, бетонду, асфальтты талкалап томкорууда колдонулган ургулап-бургулоочу курал. Көзөгүчү ургулап айланган поршендин жардамы м-н кыймылга келет. Ургулоонун жыштыгына жараша – минутасына 1000 жолу соккону (урганы) жыштыгы төмөн, 1600–2000 болсо нормалдуу, 2500ден көбү жогору жыштыктагы Б. б. болуп бөлүнөт. Салмагы 10–30 кг, диаметрлери 46 ммге чейинки көзөнөктөрдү бургулоочу түрү – кол м-н Б. б., салмагы 50–70 кг, 85 мм чейинки диаметрдеги 25 м тереӊдикке чейинки көзөнөктөрдү Б. б. – бургулоочу манипулятор же колонка, салмагы 30–50 кг, тик өйдө багытталган көзөнөктөрдү 15 мге чейинки тереӊдикте бургулоочу түрү – телескоптуу Б. б. (же перфоратор же телескоптуу курулма) деп айырмаланат. Чоӊ жыштыкта ургулап Б. б. бургу арабасына (каретага) орнотулуп, аралыктан башкарылат.