БУРГУЛООЧУ СТАНОК
БУРГУЛООЧУ СТАНО́К – кендерди чалгындоодо, нефть, газ, жер астындагы сууларды изилдөөдө ж-а чыгарып алууда ж. б. максаттарда, диаметри ж-а тереӊдиги ар кандай көзөнөктөрдү жер кыртышында бургулоо үчүн колдонулган агрегат. Бургулоонун ыкмасына, тектердин физ.-мех. абалдарына, көзөнөктөрдүн тереӊдиктерине, конструк. өзгөчөлүктөрүнө, коюлган максаттарга жараша пайдаланылган жекече же көп түйүндүү Б. с. колонкаларды айлантып бургулоочу, ургулап, айланта-ургулап, термелте ж-а шнектүү бургулоочу машиналар (станоктор) деп айырмаланат. Текти көзөп талкалоочу аспабына жараша – шарошкачалар, бытыра, термобургулоо, пневмобургулоо ж. б. Б. с-торго да бөлүнөт. Дизель же электр түйүнү м-н ишке кирип, автомашина же казтамандуу тракторлордо орундаштырылышы мүмкүн. Иштеген шарттарга жараша – жер үстүндө, жер астында, деӊиздерде (суу алдында) Б. с-тор деп бөлүнүп, салмагы 1000 кг чейинкилери жеӊил, кирешелүү – өзү көчүп жүрүүчү ж. б. көп түрдүү болот.

3 – машина бөлүмү; 4 – каз тамандуу жүрүү механизми;
5 – таяныч-буруу түзүлүшү; 6 – мамы; 7 – түркүк; 8 – гидроцилиндрлер;
9 – аутригерлер; 10 – айланма-күч берүү механизми.