БУРУНДИ
БУРУ́НДИ , Б у р у н д и Р е с п у б л и к а с ы – Африканын борб. бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн Руанда, чыгышынан ж-а түш.-чыгышынан Танзания, батышынан Конго Демокр. Респ.

ж-а Танганика көлү м-н чектешет. Аянты 27,8 миӊ км2. Калкы 12,0 млн (2020). Борбору – Гитега ш. Расмий тили – француз, рунди тилдери. Акча бирдиги – бурунди франкы. Адм.-аймактык жактан 16 провинцияга бөлүнөт.
Таблица бар.
Б. – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 28-февралда 2005-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлиги – президент, вице-президент ж-а министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея
ж-а Сенат). Саясий партиялары: Демократияны коргоонун Улуттук кеӊеши – демократияны коргоо күчү, Бурунди демократия-фронту, Улуттук прогресс союзу. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн бөксө-тоо ээлеп, батыштан чыгышты карай тепкич сымал 2100 мден 1400 мге чейин жапыздайт.

Бөксө тоонун батышы меридиан багытында көтөрүлгөн кырка тоо (эӊ бийик жери – 2684 м), түш.-батышында Танганьика көлүнүн ойдуӊу ж-а Рузиди д-нын өрөөнү жатат. Климаты субэкватордук, ойдуӊдарында ысык, кургакчыл мезгил июндан октябрга чейин созулат. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жаан-чачын 1000–1200 мм, бөксө тоодо 1400–1600 ммге чейин. Айлык орт. темп-ра 15–20°С, ойдуӊдарда 23–25°С чейин, бөксө тоодо 20°С. Негизги дарыялары: Рувубу, Аканьяру (Нилдин куймалары), Малагараси, Рузизи (Конгонун куймалары). Кен байлыктары: уран, никель, жез, кобальт, ванадий, чым көӊ. Жалбырагы күбүлмө, дайыма жашыл токойдун ордуна саванна ж-а маданий өсүмдүктөр ээлейт. Айрым жерлеринде токой кездешет. Жалпы аянты 154,7 миӊ га (2005) болгон коргоого алынган 15 табыйгый аймагы бар, а. и. Кивира, Рузизи, Рувубу улуттук парктары, резерваттар уюштурулган.
Африкадагы калк эӊ жыш отурукташкан өлкө. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 277 киши. Хуту же бахуту (81%), тутси (14%), пигмейлер, тва ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Христиан (80% католик) ж-а салт болуп калган жерг. динди тутат. Шаар калкы 9%. Ири шаарлары: Бужумбура, Гитега, Нгози, Муйинга.
Б-нин байыркы ж-а о. кылымдардагы тарыхы аз изилденген. Жазма даректердеги маалыматтарда Б-нин жерг. эли пигмейлердин тва уруусу экендиги айтылат. Хуту уруулары 14-к-да келип, твалар м-н ассимиляцияланган. 15–16-к-да

Б-нин аймагына түштүгүнөн эфиопиялык уруулар басып кирген. 18-к-да азыркы Б-нин аймагында Нтаре I (1720–60) башкарган мамлекет негизделип, айланасындагы урууларды бириктирген. Король Нтаре II (1825–52) башкарган жылдары бул мамлекет күч-кубаттуулукка жетишкен. 19-к-дын 2-жарымында өлкө ичинде ич ара согуштар күч алып, андан пайдаланууну көздөгөн европалыктар 1899-ж. Усумбура ш-нда (Бужумбура) германдык аскердик пост түзүшөт. 1903-ж. Б. королу Мвези II германдык губернатордун бийлигин тааныйт. Б. ж-а Руанда аймактары Германиянын Чыгыш Африка колониясынын курамына кошулуп, Руанда-Урунди деп аталып калат. 1-дүйнөлүк согушта Руанда-Урундини Бельгия каратып алат. 1922-ж. Улуттар Лигасы тарабынан Бельгияга бул жерлерди башкаруу мандаты берилет. 2-дүйнөлүк согуштан кийин, өзгөчө 50-жылдардын аягынан Б-де улуттук-боштондук кыймыл күч алат. 1962-ж. 27-июнда БУУнун атайын сессиясында Руанда-Урундидеги бельгиялык опеканы жоюу ж-дө чечим кабыл алынып, Руанда Респ. ж-а Б. королдугу түзүлөт. 1966-ж. 28-ноябрда аскердик төӊкөрүштүн натыйжасында монархия жоюлуп, Б. республика болуп жарыяланган. Анын биринчи президенти ж-а өкмөт башчысы – М. Мичимберо. Б-нин өкмөтү бейтарап болуу ж-а саясий-согуштук блокторго кошулбоо принцибин өлкөнүн тышкы саясатынын негизи деп жарыялаган. 1970–80-ж. жерг. уруулар арасында өз ара кагылыштар күч алып, аскердик төӊкөрүштөр болуп турган. 1987–93-ж. бийлик Улуттук сактап калуунун Убактылуу к-тинин колунда болгон. 1992-ж. жаӊы конституция кабыл алынган. 1993-ж. өлкөдө көп партиялуу системага негизделген шайлоолор өткөрүлгөн. 1996-ж. аскердик төӊкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Пьер Буйойя Улуттук жыйналыш м-н саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. 2005-ж. өткөн парламенттик шайлоодо Демократияны коргоо улуттук совети жеӊишке жетишип, натыйжада ал партиянын лидери П. Нкурунзиза өлкөнүн президенти болгон. 2020-ж. президенттик шайлоодо Эварист Ндайишимне 71,45% добуш алып, жеңишке жеткен.
Б. – агрардык өлкө, дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПдеги а. ч-нын үлүшү 45,6%,

өнөр жайыныкы 20,8% (2005). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан (АКШ) туура келет. Бир аз вольфрам, ниобий-тантал, алтын, бастнезит, акиташ казылып алынат. 2003-ж. 141,3 млн кВт·с электр энергиясын

өндүргөн. Автомобиль жолунун уз. 14,5 миӊ км. Темир жолу жок. Танганьика көлүндө кеме жүрөт. Пиво, эт-сүт продуктуларын чыгаруучу ишкана, тамеки, текстиль ф-касы, ун, кант, айнек, цемент з-ддору бар. Балык Танганьика көлүнөн кармалат. Мал багылат. Кофе, чай, пахта, буурчак, картошка, жүгөрү, шалы ж. б. өстүрүлөт. Сыртка кофе, чай, пахта, айнек буюмдарын, булгаарыны, баалуу терилерди чыгарат. Сырттан оор машиналардын тетиктерин, транспорт жабдууларын, нефть ж-а нефть продукцияларын, кызыл мыя ж-а анын унун алат. Негизги сырткы соода шериктештери: Бельгия, Германия, Пакистан, АКШ, Руанда. Билим берүү системасында башталгыч ж-а орто мектептер, кесиптик-тех. окуу жайлар (мектеп базасында) ж-а ЖОЖдор бар. Бужумбурада Бурунди ун-ти (1960; 1964), Жогорку пед. мектеп (1957), Коммерциялык ин-т (1982), ил. мекемелер, китепкана, музей орун алган. «Ажанс бурундез де прес» мамл. маалымат агентчилиги 1976-ж. негизделген. Телекөрсөтүүсү 1984-жылдан иштейт. Салттык арх-ра ж-а иск-во хуту, тутси, тва элдеринин чыг-лыгынан көрүнөт; сокмо өнөрү (корзиналар, бойро сыяктуу), ийри-буйру ж-а найза сыяктуу сайма түшүрүлгөн декорация буюмдары; антраморфизм ж-а зооморфизм жыгач скульптуралары колдонулган.
Ад.: Соколова Р. Б. Республика Бурунди. Справочник. М., 1992.