БУРХАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРХАНОВ Шүкүр (15. 9. 1910, Ташкент – 14. 8. 1987, ошол эле жер) – өзбек актёру, СССР эл арт. (1959), Өзбек ССР Хамза атн. мамл. сыйл. лауреаты (1964). 1928-ж. Өзбек мамл. драма театрынын (азыркы Хамза атн. театр, Ташкент) труппасына кирген. Б-дун сахналык ишмердиги 1928-ж. башталган. Актёрдун чыг-лыгы көп кырдуу: ал психол. жактан татаал, о. эле курч сатираны, романтикалуу ж-а драмалык образдарды түзгөн. Аткарган ролдору: Гулям (Яшен, «Сыймык жана сүйүү»), Гафур (Хамза, «Бай жана батрак»), Фархад (Хикмет, «Сүйүү жөнүндө легенда»), Брут (Шекспир, «Юлий Цезарь»), Эдип (Софокл, «Падыша Эдип») ж. б. кинофильмдерге да тартылган: Карабатыр («Тахир-Зухра»), Улугбек («Улугбектин жылдыздары»), Ялантуш («Азиянын үстүндөгү бороон») ж. б. Б. орден ж-а медалдар м-н сыйланган.