БУРЯТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРЯТТАР (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Респ-нын жерг. калкы. Иркутск обл-нун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу м-н Чита обл-нун Ага-Бурят автономия округдарында, о. эле Түн. Монголия ж-а Түн. Чыгыш Кытайда да жашашат. Жал-

пы саны 550–690 миӊ адам (2010), а. и. Бурятияда 286,839 (2010). Бурят тилинде сүйлөшөт, монгол ж-а орус тили да колдонулат. Дини – христиан, о. эле будда динин ж-а шаманизмди тутушат. Б-дын этностук негизин түзгөн айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар б. з. ч. 3-к-дын башталышында Борб. Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, түрк ж. б.) курамына кирген. 8–9-к-да Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир бөлүгү болуп, мында курыкан ж-а байырку-байегу уруулары жашаган. Б. 11–13-к-да Монгол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык ж-а маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними ж-дө алгач мон-голдордун «Көӊүлдө ыйык сактала турган жомоктор» (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Б. 17-к-дын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын биригүүсүнүн негизинде калыптанган. Бул мезгилде Б. Жунгар хандыгынын курамында болгон. 17-к-дын ортосунда Байкал аймагы Монголиядан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекеттүүлүгүнүн шартында ар түрдүү топтор ж-а уруулардын консолидация процесси башталган. 19-к-дын аягында бурят этносу түзүлгөн. 1921-ж. Ы. Чыгыш Респ-нын курамында Бурят-Монгол автономия обл., 1922-ж. РСФСРдин курамында Бурят-Монгол автономия обл., 1923-ж. Бурят-Монгол АССРи, 1958-ж. Бурят АССРи, 1992-ж. Бурят Респ. түзүлгөн. Б. негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык м-н кесиптенишип, көчмөн турмуштагы Б. жыгач ж-а кийизден жасалган алты ж-а сегиз кырдуу боз үйлөрдө жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири м-н жыгачтан жасалган үйлөрдү курушуп, боз үйлөрдү кошумча колдонушкан. Аялдар түрдүү түстөгү кездемелерден кооздолуп жасалган көйнөк кийип, эки өрүм чачына алтын-күмүштөн жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, көркөмдөлүп саймаланган узун көйнөк кийип, белине күмүш кур, ал эми байлар ж-а нойондор жогорку социалдык абалын күбөлөндүргөн атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары ж-а жер-жемиштер. Сүттөн жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат. Ш. Керимова.