БУТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТА , м и ш е н ь – 1) полигондо, бута атуучу жайда, деӊизде таамай атууга машыгуу үчүн атайын жасалган сөлөкөттөр. Куралдардын түрүнө жараша Б-лар да ар кыл жасалат. Мылтык, автомат, тапанчага тегерек (спорттук) ж-а ар түрдүү сөлөкөттөгү Б-лар; артиллерияга – калкандар, ар түрдүү сөлөкөт Б-лар, о. эле окоптор, блиндаждар; асманда Б. үчүн парашюттар ж-а трос м-н самолётко сүйрөтүлгөн конустар же радио м-н башкарылып учуучу самолёттун макети; деӊизде атууга машыгууда суу үстүндө тикесинен жүрүүчү калкымалар ж. б. колдонулат. Б-лардын кыймылсыз, көрүнүп жок болуп, жылып туруучу түрлөрү колдонулат. 2) Кыргыз элинде байыртадан Б. атууга алгач жаа, милтелүү мылтык, кийинчерээк бараӊ колдонулган. Б. атуу аркылуу жоокерчиликке, мергенчиликке ж-а мелдештерге даярданышкан.