БУТЛЕРОВ Александр Михайлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́ТЛЕРОВ Александр Михайлович [3 (15). 9.1828 – 5 (17). 8. 1886] – орус химиги, орг. бирикмелердин түзүлүш теориясын негиздөөчү. Казандагы химик-органиктер мектебинин жетекчиси. 1849-ж. Казан ун-тин бүтүп, ошол эле жерде мугалим, 1854-ж. экстраординар, 1857-ж. ординар проф., 1860- ж-а 1963-ж. ректору, 1868–85-ж. химия б-ча Петербург ун-тинин ординар проф., 1884-ж. Петербург ИАга ординар акад., 1878–82-ж. Орус физика-хим. коомунун химия бөлүмүнүн (Н. Н. Зининден кийин) башчысы. Россиядагы ж-а чет элдик көп ил. коомдун ардактуу мүчөсү. Эксперименттик изилдөөсүн Парижде Ш. А. Вюрцтун лабор-сында улантып, иоддуу метиленди жаӊы ыкма м-н синтездеген (1858). Ал 1-жолу гексаметилентетраминди (уротропин) ж-а формальдегиддин полимерин синтездеген. Формальдегиддин полимерин акиташ суусу м-н иштетүүдөн 1-жолу кантты синтездеп алган (1861). «Заттардын химиялык түзүлүшү» деген докладында орг. бирикмелердин түзүлүшү ж-дөгү негизги идеясын айткан. Ал биринчилерден болуп изомерия кубулушуна түшүнүк берген.
Эмг.: Сочинения. Т. 1–3, М., 1953–58 (библ. трудов). Ад.: Быков Г. В. Александр Михайлович Бутлеров. М., 1961.