БУУ КАЗАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ КАЗАНЫ – жогорку басымдуу бууну алууга ылайыкталган жылуулук алмаштыргыч аппарат. Буу алууда көбүнчө суу пайдаланылат да, ал казандын очогуна катуу отун же газ жагып, бууга айландырылат. Бууну өнөр жайда пайдалануу 18-к-да башталган. Орус ойлоп табуучусу И. И. Ползунов дүйнөдө 1-буу машинасын 1765-ж. курган. Андан кийин Б. к-нын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, анын п. а. к-ин арттыруу, казандын өлчөмүн ж-а материалды аз сарптоо багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлгөн. Б. к. колдонулушуна жараша орнотулма (стационардык) ж-а көчмө болуп бөлүнөт.
Орнотулма Б. к. электр станцияларына орнотулуучу энергиялык, өнөр жайлык, коммуналдык ишканалардын казан агрегатына коюлуучу ж-а имаратты жылыткыч болуп айырмаланат. Транспортко (паровоз, пароход ж. б.) орнотулуучу Б. к. көчмө казандын мисалы болот. Казандын газ түтүктүү ж-а суу түтүктүү түрү бар, алар камералуу ж-а секциялуу болот. Электр станциясында 100 кг/см2 басымдагы бууну пайда кылууда 230 т/с өндүрүмдүүлүктө иштеген Б. к. орнотулат, о. эле 200–300 кг/см2 басымдагы бууну 500 т/с өндүрүмдүүлүктө иштетүүчү Б. к-дары да бар.