БУХАРА
БУХАРА́ – Өзбекстан Респ-ндагы шаар. Заравшан д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Бухара вилайетинин адм. борбору. Калкы 274,7 миӊ (2016). Темир жол бекети. Жолдор тоолу.
Археол. маалыматтар б-ча б. з. 1-к-нан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-к-дан эскерилет. 709-ж. аны арабдар басып алган. Б. байыртадан эле О. Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, мад-ты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай ж. б. өлкөлөр м-н соода кылган. 9–10-к-да Б-ны Саманиддер каратып, өздөрүнүн зор мамлекетинин борборуна айландырган. Шаарды 1220-ж. Чыӊгызхан, 1370-ж. Тимур басып алган. 16-к-дын башында Б. көчмөн өзбек урууларынын ээлигине өтүп, Шейбаниддер мамлекетинин баш калаасы болгон. 16-к-дын ортосунан 1920-жылга чейин Бухара

хандыгынын, Бухара эмирлигинин, 1920–24-ж. Бухара Респ-нын борбору. 17–18-к-да Б-га перс шахтары бир нече жолу басып кирген.
Каракөл терисин иштетүү, пахта тазалоо з-ддору, кебез-кездеме, текстиль комбинаты, шарап, тамак-аш ж. б. ишканалары иштейт. Илгертен көркөм промысели (алтын жип м-н тигүү, жибек токуу, металлга чегелөө ж. б.) өнүккөн. Эки ЖОЖ, бир катар атайын орто окуу жайлары, мамл. арх-ра, көркөм сүрөт музей-коругу, театр, тарых, край таануу музейи бар. Анда 140ка жакын арх-ра эстеликтери сакталып калган. О. Азия зодчийлигинин шедеврлери – борб. чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү (Исмаил Саманинин күмбөзү, 9-к-дын аягы – 10-к-дын башы) салынып, ичи-сырты бышкан кыштан оймо-чиймеленген. Пои-Калян ансамблине кирген Калян мунарасы (1127) тегерете кыш м-н оймолонгон. Ортоӊку Чыгыштын көрүнүктүү арх-ралык эстелиги Калян мечити (12-к., 15–16-к.) ж-а 2 чамгарактуу Сейфад-Дин Бохарзи күмбөзү (13-к., 14–15-к. кайра курулган). Буян-Кулихандын чакан күмбөзүнүн (14-к.) сырты бышырылган сары, кызыл чопо м-н кооздолгон; Улугбектин медресесинин (1417) жанында кооздолуп курулган Абдулазис хандын медресеси (1652) орун алган. 16-к-дын арх-ралык курулуштарына жасалгаланган Балянд мечити ж-а Кожо Зайнуддиндин ханагы, О. Азияда эӊ чоӊ Кукельташ медресеси, чамгарактуу соода курулуштары – Заргаран, Тельпак-Фурушан ж-а Саррафан, үстү жабык (тим), Абдулла-хандын базары, Чар-Бакр мемориалдык ансамбли (1560–63), Файзабад ханагы (1598–99); 18–19-к-дагы курулушка Арк (цитадель), 4 мунаралуу эшиги бар Чар-Минар медресеси (1807) кирет. Сов. Мезгилде шаар көрктөндүрүлүп, көптөгөн жаӊы курулуштар салынган. 1964-ж. кайра куруу планы бекитилип (арх. В. П. Чунихин, В. Н. Слонимский, Т. Н. Калиновская), байланыш үйү (1966, арх. М. Чернов), обл. менчик китепкана (1969, типтүү долбоор м-н) ж. б. көптөгөн имараттар курулган. 1993-ж. Б-нын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 13–18-к-да Б. О. Азиядагы музыка мад-тынын көрүнүктүү борбору болгон. Өзгөчө оозеки чыг-лык өнүккөн. Белгилүү музыка теоретиктери – Нажмиддин Кавлаби Бухари (16-ж.), Дервеш Али Чанги (16–17-к.) жашашкан. С. Айни атн. муз. драма ж-а комедия, куурчак театрлары бар.
Ад.: Пугаченкова Г. А. Самарканд. Бухара. М., 1968. Н. Жылдызова,
Р. Карачалова.