БУХГАЛТЕРИЯЛЫК БАЛАНС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХГАЛТЕРИЯЛЫК БАЛА́НС ишканалардын, бирикмелердин, чарбалык уюмдардын ж-а мекемелердин абалын, жайгаштырылышын, каражаттардын пайдаланылышын ж-а булактарын чагылдыруучу бухгалтериялык отчёттун бир түрү. Б. б. ишкана, уюм пайдалануучу ресурстар ж-дө толук маалыматты камтыйт. Б. б-тын сол бөлүгүндө (актив) ресурстардын экон. маӊызын, жайгашкан ордун, пайдаланылышын чагылдыруучу тобу берилет. Активде негизги фонддор, материалдар запасы, отун, бүтө элек өндүрүштүн көлөмү, даяр продукция, түшүрүлгөн товарлар, кассадагы ж-а эсеп счётундагы акча каражаттарынын калдыгы, дебитордук карыз тууралуу маалымат камтылат. Активде чагылдырылган ресурстарды калыптандырууда пайдаланылган финансы булактары, банкка (алган ссудалары б-ча), жумушчуларга ж-а кызматкерлерге (эмгек акысы б-ча), профсоюзга (социалдык камсыздандырууга чегерүү б-ча), башка ишканаларга карыздары көрсөтүлөт. Пассивде ишкананын өздүк каражаттары (уставдык фонд), пайда, амортизациялык фонд ж. б. берилет. Позицияларынын ар түрдүүлүгүнө карабастан активде ж-а пассивде бирдей эле ресурстар каралат, ошондуктан Б. б-тагы активдүү ж-а пассивдүү бөлүктөрдүн жыйынтыгы сөзсүз дал келет.