БУХГОЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХГО́ЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ 1714–20-ж. Казакстандын Иртыш боюна орус аскерлерине чеп куруу үчүн уюштурулган. 1714-ж. Пётр I лейбгвардия подполковниги И. Д. Бухгольц башында турган аскердик экспедицияны Чыгышка жиберүү тууралуу Указга кол койгон. 70тей замбирек м-н куралданган 3 миӊге жакын аскерлер Тобольск ш-нан чыгып, 1716-ж. Иртыштын жээгинде Омск, Ямышев, 1717-ж. Железинск, 1718-ж. Семипалатинск, 1720-ж. Коряков (Павлодар), Усть-Каменогорскиде аскердик-инж. курулуштарды, кийин Верблюжский, Черноморский, Осморожский, Семиярский ж. б. согуштук коргонуу жайларын салышкан. Ал мезгилде жуӊгарлар м-н кармашып жаткан казактар Россиянын бул баскынчылык аракеттерине каршылык көрсөтө алышкан эмес. Бул чептер кийин Россияга Сары-Арканы, Иртыш бою м-н Алтайды толугу м-н басып алууга ыӊгайлуу жагдай түзгөн Кузнецк, Сибирь ж. б. аскер чептерин курууга мүмкүнчүлүк берген.