БЫТАНТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫТАНТАЙ – Якутиядагы дарыя, Яна д-нын сол куймасы. Уз. 586 км, алабынын аянты 40,2 миӊ км2. Жогорку Яна кырка тоосунун чыгыш капталынан башталып, басымдуу бөлүгү анын тармактары аркылуу агып өтөт. Кар ж-а жамгыр сууларынан куралат. Суусунун жылдык орт. чыгымы Асар кыш. тушта 148 м3/сек. Сентябрдын аягынан майдын ортосуна чейин муз каптайт. Негизги куймалары: Бильлях, Тэнки (оӊ), Хобол, Аччыгый-Саккырыр, Улахан-Саккырыр, Кулгага-Суох (сол). Б-дын алабында жалпы аянты 140 км2 болгон 2 миӊден ашык көл бар. Чатынан 120 км аралыкка чейин кеме жүрөт.