БЫЧАН
БЫЧАН – Тогуз-Торо р-нунан башталып, Ак-Талаа р-ну аркылуу аккан суу, Ала-Буга суусунун сол куймасы. Уз. 56 км, алабынын аянты 1050 км2. Суу куралуу облусуна кирет. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталынан башталат. Өрөөнү жазы келип түн.-чыгышты карай 10 кмдей аккандан кийин түш.-чыгышка бурулат. Чатына жакындаганда өрөөнү кууштап, кайрадан түн.-чыгыш багытка агат. Жылдык орт. чыгымы 7–9 м3/сек, эӊ көбү май – июнда, азы январда байкалат. Өрөөнү жайлоо.