БЮДЖЕТ ЖЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т ЖЫЛЫ – мамлекеттик бюджетти түзүү, бекитүү жана аткарылышы мыйзам менен белгиленген бир жылдык мөөнөт. Көп өлкөлөрдө календардык жылга (РФ, Италия, Франция, Германия), айрым өлкөлөрдө 1-апрелден 31-мартка (Улуу Британия, Япония), 1-июлдан 30-июнга (Канада), 1-октябрдан 30-сентябрга (АКШ), 1-марттан 28-февралга (Түркия) туура келет. Кыргызстанда 1-январдан 31-декабрга чейин Бюджет жылы деп эсептелет.