БЮДЖЕТ ИНДЕКСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т ИНДЕКСИ (жашоо наркынын индекси) – материалдык жашоо деӊгээлин аныктоочу көрсөткүч. Ал калктын белгилүү бир тобунун керектөө көлөмүн, структурасын мүнөздөөчү товарлардын жана тейлөө кызматынын тиешелүү тобунун наркы жагынан өзгөрүшүн көрсөтөт. Бюджет индексинин тууралыгы индексти эсептөө методуна, типтүүлүгүнө, баа өзгөрүшүн тизмектөөнүн туура жүргүзүлүшүнө байланыштуу болот.