БЮДЖЕТ ТАРТЫШТЫГЫ
БЮДЖЕ́Т ТАРТЫШТЫГЫ (англ. Budget deficit) – мамлекеттик чыгымдардын мамллекеттик кирешеден ашып кетүүсү. Бюджет тартыштыгы учурунда өлкөдө мүлктүн көлөмү азаят. Бюджет тартыштыгын финансылоонун эки жолу бар: баанын орто деӊгээлинин көтөрүлүшүнө алып келүү үчүн жүгүртүүгө акчанын кошумча санын чыгаруунун натыйжасында мамлекет киреше алуучу кредит-акча эмиссиясы (мамбюджеттин тартыштыгын монеталаштыруу); 2) менчик сектордо инвестицияларды кыскартуу менен проценттин орто рыноктук ченин өстүрүүчү жана накта экспортту азайтуучу калктын жана борбордук банктын мамлекеттик заёмдору; 3) салык түшүүлөрүн көбөйтүү.