БЮДЖЕТТИ ПЛАНДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕТТИ ПЛАНДОО – мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу процесси. Мамлекеттик бюджет чарбалык комплекстеринин пландуу көрсөткүчтөрүнүн, ишканалардын жана мекемелердин финансылык пландарынын, ар түрдүү баланстын жана сметанын негизинде түзүлөт. Бюджетти пландоодо чарбанын ички ресурстарын толук пайдалануу көрсөтүлөт жана калктын бюджетке жумшалуучу каражатынын көлөмү аныкталат, ошондой эле өндүрүштү зарыл ресурс менен толуктоо иштери белгиленет.