БЮЛЬ-БЮЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮЛЬ-БЮЛЬ (өз аты-жөнү Мамедов Муртуза Мешади Рза оглы) (22. 6. 1897, Тоолуу Карабах, Шуша – 26. 9. 1961, Баку) – азербайжан ырчы-

сы (лирика-драмалык тенор), Азербайжан музыкалык театрынын түзүүчүсү, музыка изилдөөчү-фольклорист, СССР эл артисти (1938), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950), Баку консерваториясынын профессору (1940). Жаш кезинен булбулдун үнүн туурап жүрүп, Булбул (азербайжанча Бүлбүл) атка конгон. Чыгармачылык жолун ырчы катары баштаган. Азербайжан мугамын жана элдик ырларды аткарган. 1920-жылдан Азербайжан мамлекеттик театрында (кийин М. Ф. Ахундов атындагы опера жана балет театры) солист. 1927-жылы Баку консерваториясын Н. И. Сперанскийдин классы боюнча бүтүрүп (1921–27), Миланга (Италия) ырчылык өнөрүн өркүндөтүүгө жиберилген. Аткарган партиялары: Көр уулу (У. Гажибеков, «Көр уулу»), Саро (Тигранян, «Ануш»), Ашык-Гариб (Глиэр, «Шахсенем»), классикалык опералардан аткаргандары: Герцог (Верди, «Риголетто»), Каварадосси (Пуччини, «Тоска») ж. б. Бир нече орден жана медалдар менен сыйланган.