БЮРАКАН АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮРАКАН АСТРОФИЗИКАЛЫК ОБСЕРВАТО́РИЯСЫ Армения ИАда 1946-жылы Арагац тоосунда негизделген. Аспаптары: 100 см жана 53 смлүү Шмидт телескоптору, 2,6 м рефлектор ж. б. Радиоастрономиялык станция бар. Галактиканын түзүлүшүн, туруксуз объектилерди, галактикадан тышкаркы астрономияны ж. б. изилдейт. Ленин ордендүү (1967).