БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ – Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Самарканд шаарында жайгашкан. 1399–1404-жылдары Амир Темирдин Индостандагы жеӊишинин урматына салынган. Эл арасында Бүбүханымды Амир Темирдин жубайы дешет. Эстеликтин артына дагы 2 имарат жанаша салынып, бийик мунаралуу дубалдар менен айланта курчалган. Бул үч имараттын теӊ сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа. Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар менен кооздолгон. Бүбүханым мечити Орто Азиянын орто кылымдагы архитектуралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет жана кийинки архитектуралык курулуштардын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген эстеликтердин бири.