БҮРГӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨ кызы Акшербет (болжол менен 1780 – 1856, Талас районундагы мурунку Чоӊтокой, азыркы Ханбүргө айылы) – акын. Атасы Бүргө баатыр өлгөндө кошкон кошогу калкка белгилүү болгон. Кийинки табылган даректер боюнча ал акылы, чечендиги, тайманбас курчтугу менен таанылган. Балык менен айтышып, чоӊ акындын сынына толот, ал анын сөз кудуретине, талант жигерине таӊ калган. Ал атасынын көзү өткөндөн кийин эли-журтунун тагдырын ойлоп тынчсызданат. Анын кошогу хан, бектерге карата айтылуучу салттуу гиперболалуу ыкмадан өзүнүн реалдуулугу менен айырмаланган. Анда Бүргөнүн калкка чеп-коргон болгондугу, арыгын мыктап каздырып, өрүшүн малга, өрөөнүн данга толтурган камкордугу, сарыбагыш, солто урууларынын кармашуусунда калыстык менен чырды басып, элди бөөдө өлүмдөн сактап калышы сыяктуу иштери камтылган. Кошок маани-мазмунунун тереӊдиги, сөздөрүнүн курчтугу менен эл эсинен өчпөй, сакталып калган.