БҮРКҮТ-УЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРКҮТ-УЯ – Кочкор өрөөнүнүн батыш тарабындагы 6–9-кылымдарга таандык байыркы түрк урууларынын айкел эстеликтери жайгашкан жер. Маркумдарды эскерип жөрөлгө аткарылуучу жай болгон. Ошол мезгилде ал жердеги түрк тилдүү жергиликтүү калк маркум болгон туугандарына арнап тоонун жонунда жайгашкан түздүктө зыярат кылып турушкан. Бүгүнкү күндө төрт чарчы коргончо-эстеликтер, айкелдер сакталып калган. Бүркүт-уя археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Табалдиев жетектеген археологдор тарабынан белгиленген.
К. Табалдиев.