БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:54, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ , э л а р а л ы к у б а к ы т – баштапкы меридиандагы (0°) орточо күн убакыты. Меридиандын башталышы үчүн шарттуу түрдө Гринвич (Улуу Британия) обсерваториясынын меридианы кабыл алынган. Астрологиялык байкоолордо, эл аралык телеграф, телетайп байланыштарында ж. б. пайдаланылат. Мында убакыт түн ортосунан баштап саналат. Кыргызстандын убакытысынын Бүткүл дүйнөлүк убакыттан айырмасы 5 саат.