БҮТҮМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮТҮМ – 1) юридикалык жак жана жеке адамдар ортосундагы укуктук мамилелерди‚ анын ичинде тышкы экономикалык ишмердик чөйрөсүндө чарбалык маселелерди түзүүгө багытталган иш-аракет. Бир жактуу чарбалык Бүтүм (мураска‚ белекке‚ белгилүү бир иш-аракетке ишеним кат берүү) жана эки же андан көп жак катыша турган өз ара Бүтүм (бул учурда келишим‚ контракт ж. б. түзүлөт) болот. Бүтүм маркетингдин маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп саналат‚ ал сатуу-сатып алуу актысынын түзүлүшүн аныктайт жана жок дегенде эки субъектинин кызыкчылыгын көздөйт‚ макулдашуунун шарттарын‚ мөөнөттөрүн жана ордун белгилейт. Маркетинг көз карашынан алганда Бүтүмдөр товарды акчага алмашканда акча Бүтүмү‚ бартердик Бүтүм жана компенсациялык Бүтүм болуп бөлүнөт; 2) адабий же музыкалык чыгарманы же анын кандайдыр бир бөлүгүн корутундулоочу компоненти. Бүтүмдүн түрлөрү көп: эпилог, мораль (тамсилде), клаузула (ырда, музыкалык чыгармаларда); 3) китептеги тексттин же анын бөлүмдөрүнүн аягын кооздоп турган сүрөт же оймо-чиймелүү графикалык композиция.