БҮЧҮР
БҮЧҮР – тыным абалындагы өркүн. Ал башталма бүчүрдөн, сабактан жана жалбыракчадан же гүлдөн турат. Сабакчанын жогорку учунун өсүү конусунун клеткалары бөлүнүп, сабактын жаӊы ткандарын, жаӊы жалбыракчаларды жана каптал Бүчүрдү пайда кылат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн Бүчүрлөрү түрпүлөр менен капталган, алар ички назик бөлүктөрүн сырткы таасирлерден коргойт.

в – гүл бүчүр); 2 – сирендин ачыла баштаган бүчүрү; 3 – марал кулактын ачыла баштаган бүчүрү; 4 – настурциянын чоку өркүнүндөгү ачылган бүчүр; 5 – лещинанын бүчүр кабырчыктары; 6 – беде өркүнүнүн чоку бүчүрү.
Сабактагы орду боюнча чоку жана каптал Бүчүр болуп бөлүнөт. Чоку Бүчүр өркүндүн учунда болуп, узарып өсүүнү камсыз кылат. Каптал Бүчүрдөн бутак өсүп чыгат. Ал жайдын аягына чейин калыптанып, келерки жазга чейин өсүшүн токтоткондуктан, тынымдагы же кыштоочу Бүчүр деп аталат. Кургакчылыкта тропиктеги дарак өсүмдүктөрдүн Бүчүрү тыным абалына өтөт. Мелүүн алкакта жаздын келиши менен тынымдагы Бүчүрдүн көбү өсүп, жаӊы өркүндү берет. Өспөй, узак убакыт бою тыным абалында калгандары уйкудагы Бүчүр деп аталат. Алар, белгилүү шарт болгондо өсүп, өркүнгө айланат. Бул өзгөчөлүктөрү мөмө жана кооз дарактардын шагын ар кыл түргө келтирүүдө, табигый тосмо катары өстүрүүдө эске алынат. Сабак менен жалбырактан турган Бүчүр – вегетациялык, гүл өсүп чыгуучулар – гүл Бүчүр, ал эми гүлү жа жалбырагы бар өркүн өсүп чыкса аралаш Бүчүр деп аталат. Өсүмдүктүн жалбырагында, тамырында, сабагынын муун аралыгында пайда болсо, адвентивдик же көмөкчү Бүчүрлөр делет. Уйкудагы жана адвентивдик Бүчүрдөн чыккан өркүн тез өсөт.