БӨГӨНӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨГӨНӨК (Оestrus Ovis) – чымындын бир түрү. Ургаачысы кой-эчкинин кеӊилжээрине жылына (негизинен жайында) 600дөй жумуртка таштап, ал личинкага, кийин чымынга айланат. Малдын кеңилжээринде мителеген майда курттар э с т р о з ылаӊын пайда кылат. Ылаӊдаган кой-эчки башын көрүнгөн нерсеге кашып, бышкырат, тынчы кетип, таноосунан кан аралаш суу чыгат. Ылаӊ өтө күчөсө мал өлүмгө учурайт. Эстрозго каршы күзүндө (октябрь, ноябрь айларында) хлорофостун 2%түү же үч хлорметафостун суудагы эритмеси малдын ар бир таноосуна 15 млден куюлат. Бөгөнөк Кыргызстандын бардык жеринде бар, кой-эчкинин 76–96%и жабыркайт.