БӨГӨТТӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨГӨТТӨӨ т е х н и к а д а – машина же электр түзмөктөрүнүн жумушчу элементтерин (органдарын) бекитүүнү камсыз кылуучу каражаттар жана ыкмалар жыйындысы. Өнөр жай мекемелеринин, электр станцияларынын жана подстанциясынын, энергия системасынын, ошондой эле өндүрүштүн түрдүү түзүлмөлөрүнүн, тиричилик прибору жана аппараттарынын, транспорт жабдыктарынын ишенимдүү иштешин жана аларды тейлөөнүн коопсуздугун арттырат. Анда механикалык, оптикалык, магниттик же электрдик байланыштар менен ишке ашырылат жана машина же аппараттын алгачкы абалга кайтып келишине же жаӊы жумушчу абалга өтүшүнө таасир этүү токтотулат. Ал жарым автоматтык, автоматтык же кол менен иштетилип, транспорт, энергия системасында, эсептөө техникасынын түзүлмөлөрүндө, тиричилик жана өнөр жай аппараттарында, приборлордо колдонулат.