БӨДӨНӨ
БӨДӨНӨ (Coturnix coturnix) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене узундугу 20 см, салмагы 100–145 г. Жону ак темгилдүү, боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Европа, Азия, Африка, Индияда, Орто Азиянын түштүк жактарында кезигет. Кыргызстандын ойдуӊ жана тоо арасындагы талааларында көп учурайт, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат. Бөдөнө курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын, бүчүрүн жана уругун жейт. Уясын бадал же куурай, чий арасына салат, кара чаар күрөӊ жумуртка тууп, басып чыгарат. 16–18 жумада уча баштайт. Бөдөнөнүн эти даамдуу. Сайроочу куш катары үйдө да багылат.