БӨЙРӨК ҮСТҮНДӨГҮ БЕЗ
БӨЙРӨК ҮСТҮНДӨГҮ БЕЗ – адамдын жана омурткалуу жаныбарлардын ички секреция бези. Бөйрөк үстүндө жайгашкан. Ал кыртыш (сырткы) жана мээ сымал (ички) катмардан турат. Кыртыш катмары ар түрдүү 50дөй гормонду иштеп чыгарат. Бул без минерал алмашууга таасир этүүчү – альдестерон; углевод жана белок алмашууга катышуучу, ошондой эле организмдин коргонуу реакциясын камсыз кылуучу – кортикостерон жана гидрокортизон; жыныс гормондору сыяктуу таасир берүүчү – андроген, эстроген жана прогестерон; ал эми мээ катмары адреналин жана норадреналин гормондорун бөлүп чыгарат. Алар нерв учтарына, жүрөк-кан тамыр системасына, алмашуу процесстерине таасир тийгизет. Анын кызматы нерв системасынын көзөмөлүндө өтүп, башка ички секреция бездери менен тыгыз байланышта.