БӨЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:19, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЙҮ – карышкыр жөргөмүштөр тукумуна кирген жөргөмүштөрдүн жалпы аталышы. Дене узундугу 3,5 смге чейин жетет. Тереӊ уюкта (60 смге чейин) жашайт; түнкүсүн курт-кумурскалар менен азыктануу үчүн чыгат. Бардык Бөйү уулуу, бирок адамга коркунучсуз. Чөлдө, жарым чөлдө жана токойлуу-талаада кездешет. Ургаачысы жумурткасын желе торуна тууп, аны кайтарат. Жумурткадан чыккан жаш Бөйү белгилүү убакытка чейин ургаачысынын жонунда жабышып отурат.