БӨКӨНБАЕВ Жоомарт
БӨКӨНБАЕВ Жоомарт [16. 5. 1910, Ош облусу, (азыркы Жалал-Абад облусу), Кетмен-Төбө району, Мазар-Суу айылы – 1. 7. 1944, Фрунзе] – акын жана драматург, кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, коомдук ишмер. Ата-энесинен эрте калып, 1924–26-жылдары Жалал-Абад шаарына жакын жердеги балдар үйүндө тарбияланган. 1926-жылы Оштогу педтехникумда, 1928–31-жылдары Фрунзедеги (азыркы Бишкек) педтехникумда, Москвадагы журналисттерди даярдоочу Коммунисттик институтта (1935) окуган. 1931–33-жылдары «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы, 1935–41-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде, «Советтик адабият жана искусство» журналында башкы редактор болуп иштеген. Бөкөнбаевдин «Жер алган кедейлерге» аттуу алгачкы ыры 1927-жылы Ош кантондук гезитинде жарыяланган. Анын алгачкы ыр, поэмаларынан куралган «Эмгек төлү» (1933), «Чабуул» (1944) деген жыйнактарында эмгекчил элдердин достугу, душманга каршы туруу, Мекенди сүйүү идеясы үстөмдүк кылат. Социалисттик турмуш кечээки «Көкөштөрдүн көзүн ачып» атканын акын өзгөчө ынтаа менен ырга салган, уруучулуктун туткунунда калган калктын жаӊы шартка ыӊгайлашуусу, бош жаткан жерлердин өздөштүрүлүшү, жаӊы шаар, завод, фабрикалардын курулушу Бөкөнбаевдин чыгармаларында поэтикалык колдоо таап, социалисттик жашоо ыӊгайы идеалдаштырылган. Бөкөнбаев көркөм чыгармачылыктын бир топ жанрларында күчүн сынаган. Анын Токтогулдун чыгармачылыгы менен өмүр баянын чагылдырган «Токтогул» (1939), ошондой эле «Алтын кыз» (1933), «Айчүрөк» (1939) аттуу драмалык чыгармалары учурунда кыргыз көрөрмандарынын арасында кызыгуу жараткан. «Айчүрөк» операсы улуттук классикалык чыгарма катары театр сахнасынан түшпөй коюлуп келатат. Кыска чыгармачылык өмүрүндө Бөкөнбаев 20дан ашуун ырлар, поэмалар жыйнагын калтырды, «Кыздын канаты», «Сүлүктү», «Кызыл кыя», «Ажал менен ар-намыс», «Жайдын кечи» сыяктуу поэма, ырлары бар. Чыгармаларынын 2 томдон турган толук жыйнагы (1950, 1954), тандалган чыгармаларынын 2 томдугу (1973), ырлар жана поэмаларынын тандалмалары (1980) жарык көргөн. Акын ырлары менен кыргыз жеринин сулуулугун даӊазалаган. Ш. Руставели, А. С. Пушкин, Н. А. Некрасов, В. В. Маяковский, М. К. Лермонтов ж. б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1944-жылы анын сценарийи боюнча «Манастын уулу Семетей» фильми тартылуучу жерди изилдеп келаткан кинотоп Ысык-Көлдүн Чоӊ-Сары-Ой айылында автокырсыкка учурап, каза тапкан. Бөкөнбаевдин ысымы республиканын айрым кыштактарына, мектептерге жана шаар көчөлөрүнө коюлган. Эстелиги Бишкек шаарында тургузулган (2003-жылы адепсиздер тарабынан талкаланып, 2007-жылы кайра коюлган). Акындын 80 жылдык мааракесине карата туулган айылы Мазар-Сууда 485 экспонаты бар музейи ачылган (1990). Музейге акындын өздүк буюмдары, чыгармачылык жолун чагылдырган

документтер, кол жазмалар коюлган. Айрым ырлары орус тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Керимжанова Б. Акындын чыгармачылык жолу. Ф., 1960; Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1960; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2-том. Ф., 1990. Турсунов Э. Н. Жоомарт – бөтөнчө инсан. Б., 2000; Адышева Т. Кылы үзүлгөн комузум. Б., 2003. Станалиев С. «Жылдын эӊ узак күнү». Б., 2007.